ФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаятБишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөтАдылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктады
Ооруканалардагы бейтаптардын күнүмдүк тамагына 110 сомго чейин бөлүнөт
24.02.2022 | 12:43
Мамлекеттик ооруканалардагы бейтаптардын тамак-ашына күнүнө 65 сомдон 110 сомго чейин акча бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын тамактануусуна каражаттын көлөмүн көтөрүү пландалууда.
«Албетте, бул жетишсиз. Сумманы көбөйтүү керек», – деди чиновник.
Парламентте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020 жана 2021-жылдарга бюджетинин аткарылышы жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу отчет каралууда.
Сүрөт интернеттен алынды