“Регионалдык баланс” Парламентте Байсалов менен Нарматова тартыша кетти

“Регионалдык баланс” Парламентте Байсалов менен Нарматова тартыша кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова саламаттыкты сактоо системасында “регионалдык баланс” сакталбай жатканын сынга алып, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондундагы жетекчилерин мисал келтирди.

Мага ушундай кайрылуулар келип жатат. Сиздер кадр маселесин карап жатканда регионалдык балансты сактагандын ордуна, тазалаган факторлор көп болуп жатат. Экинчиден бир эле кезекте Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда сиңдиси Бишкекте, бири  фонддун республикалык аппартында жетекчинин биринчи орун басары. Бул кандай болду?”— деп Саламаттыкты сактоо министри Алмазбек Бейшеналиевге кайрылды.

Ал эми министр Бейшеналиев болсо министрликтеги регионалдык баланстын толук кандуу сакталып жатканын айтып, алтургай айрымдарын баса белгиледи.

 

“Мен министр болуп келгенден кийин, регионалдык баланс толугу менен сакталып жатат. Азыркы кезде министрликте ар бир облустан министрдин орун басарлары бар. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунан.  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунунун директору Талас, Дары-Дармек департаментинин директору Талас, биринчи орун басарым Чүй, дагы бир орун басарым Ысык-Көл облусунан. Регионалдык баланс толук сакталган”- деди министр.

Ал ортодо Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопторуна канааттанбай калганын айтып, депутаттын суроосуна өзү жооп бермей болду.

2022-жылда жашап жатабыз. 30-20 жыл мурунку актуалдуу темалар, азыркы учурда жок. “Регионалдык баланс” деген түшүнүк азыркы кыргызда жок. Таланттуу, билимдүүлөр булуң-бурчтан иштейт. “Регионалдык баланс”- деген түшүнүктүү койбоңуздар. Өзгөчө ушул жыйындын төрүндө. Урматтуу депутаттар “регионалдык баланс” деген жок”— деп жооп кайтарды.

Андан соң депутат Надира Нарматова Эдил Байсаловдун жообуна кескин сынга алды.

Сиздин репликаңызды кабыл албайм. Себеби, “регионалдык балансты” маселе кылбагыла деп айтканыңызга негиз жок. Мен фактыларга таянып туруп айтып жатам. Мисалы, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусуна Таластан жетекчи келип атабы? Ал, Талас облусунан кызматкерлерди алып, башкаларды иштен айдап чыгып жатканын айтып, мага арызданып жатышат. Ошол себептен айтып жатам. Мындай болбойт, сиз ушул тармакты тейлейсиз, калыс болуп, мыйзам ченемдүү иш кылыңыздар. Элдин нааразычылыгын жаратат. Сүйлөбө дей бергениңер болбойт. Реалдуу жашоодо башкача болуп жатат да… ”- деди Нарматова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>