Министрлер кабинети кадрларды дайындоо боюнча мыйзам долбоор даярдап жатат. Бул тууралуу өкмөт башчысы Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматтын иерархиясына байланыштуу талаптар киргизилет. Жетекчилик орунга талапкерлер баардык тепкичтерин басып өтүү керек.
«Эми айыл өкмөтү болбосо, аким боло албайт. Аким болуп иштебеген адам губернаторлук орунга дайындалбайт. Министрлик кызматка дагы орун басарлардын арасынан тандалат», — деди Акылбек Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз