Матраимов: Биздин сунушка көнсөңөр инвестор деле таап келе алабыз (видео)

Матраимов: Биздин сунушка көнсөңөр инвестор деле таап келе алабыз (видео)

Ош облусундагы аэропорттун курулушуна инвестор изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, орусиялык адистер Жалал-Абаддагы аэропорттун ордун тактап кетишти. Эмки жолу Оштогу аба майдан жайгаша турган жерди аныктап беришет.

«Инвесторлорду караштырып жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Депутат Искендер Матраимов аэропорттун геосаясый маанилүүлүгүн белгилеп, анын курулушун тездетүүнү сунуштады.

«Айыл өкмөтү 1,5 миллион сом которуш керек экен дегенде, эки айылдан 750 миллион сомдон котортуп бергенмин. Аны Москвадагы изилдөө институтуна которушкан. Инвестор тап десеңер, таап деле беребиз, бирок силер биздин сунушка көнбөйсүңөр го», — деди ал.


Акылбек Жапаров кандай инвестор болсо дагы кучак жайып тосуп алууга даярдыгын айтты.

Оштогу экинчи аэропорттун курулушу Кара-Суу районуна караштуу Мады жана Отуз-Адыр айылында пландалган.

Белгилей кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раимбек Матраимов жана ага байланышкан адамдарга каршы күрөш жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>