Кыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылганБир жылда 304,9 миң кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу кызматынан пайдаланганДастан Бекешев: Бишкектеги күркөлөргө тыюу салуу ири соода түйүндөрүнө гана пайдалууКриштиану Роналду Португалия курамасындагы карьерасын аяктаганын жарыяладыКыргызстандагы баштапкы медициналык жардамды өнүктүрүүгө 15 млн доллар бөлүнөтАлдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды
Орун басар болбосо министр боло албайт. Кадр саясаты өзгөрөт
14.12.2023 | 11:51
Министрлер кабинети кадрларды дайындоо боюнча мыйзам долбоор даярдап жатат. Бул тууралуу өкмөт башчысы Акылбек Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматтын иерархиясына байланыштуу талаптар киргизилет. Жетекчилик орунга талапкерлер баардык тепкичтерин басып өтүү керек.
“Эми айыл өкмөтү болбосо, аким боло албайт. Аким болуп иштебеген адам губернаторлук орунга дайындалбайт. Министрлик кызматка дагы орун басарлардын арасынан тандалат”, – деди Акылбек Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат