Үч кыргызстандык орус жарандыгын алам деп күтпөгөн көйгөйгө туш болду

Үч кыргызстандык орус жарандыгын алам деп күтпөгөн көйгөйгө туш болду

Ноокен районунун Масы айылынын бир нече тургундары жарандык алуу маселеси менен кыйынчылыкка туш болушту. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун юристтери билдиришти.

Алардын айтымында, кыргызстандыктар Орусияда иштегендиктен бул өлкөдө жүрүүсүнө шарт түзүү максатында Орусиянын жарандыгын алууну чечишкен. Бирок алардын үмүтү акталбай, азыр Орусияда да, өз мекени Кыргызстанда да жарандыгы жок калышты. Бул алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн оор кесепеттерге алып келди.

Жабырлануучулардын бири — 32 жаштагы Мансур Арапов 2014-жылы айылдагы үйүнөн каттоодон чыгып, Орусиянын жарандыгын алуу үмүтү менен Орусиянын Ош шаарындагы консулдугуна кайрылган. Бирок ал кара тизмеде болгондуктан анын арызы четке кагылган. 2017-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылгандыктан жарандыгы жок болуп калган. Эми ал бир катар көйгөйлөргө туш болуп, жарандыгы жок дагы, документсиз дагы калды. Жумушка орношууга же Орусияга жумушка кеткенге мүмкүнчүлүгү жок болууда.

Анын үй-бүлөсү ар кандай күнүмдүк жумуштарда иштөөгө аргасыз, ал эми Мансурдун өзүнүн банктагы эсептери да, шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү да жок. Анын үй-бүлөсүндө үч баласы бар – жети, алты жана эки жарым жашта. Мансурдун паспорту жок болгондуктан улуу баласы мектепке кире албай калган. Анткени атасынын паспорту талапк ылынган. Жакында экинчи баласы мектепке барат, ошол эле кыйынчылыктар кайра жаралууда.

Дагы бир жабырлануучу — 32 жаштагы Каимов Ихтиёр, ал дагы каттоодон чыгып, 2018-жылы Орусиянын жарандыгын алуу үчүн кайрылган. Анын арызы да четке кагылып, Москвада ишин уланткан. 2022-жылы Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде ага жарандыгы жок адам деген күбөлүк берилип, ал эми паспортун тартып алышкан. Алардын маалыматы боюнча, Ихтиёр Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылып, 2019-жылдан бери Кыргызстандын жараны болгон эмес. Ал да документсиз жана жумушсуз калган.

23 жаштагы Абдужалолов Жамшит да Россия Федерациясынын жарандыгын алуу үчүн каттоодон чыгууну чечкен, бирок анын өтүнүчү да четке кагылган. Эки жыл мурун ал Кыргызстандын жарандыгынан тез арада чыгарылганы белгилүү болгон. Жамшит жакында эле үйлөнгөн, бирок нике күбөлүгүн ала албай келет. Жакында туңгуч баласы төрөлөт жана ага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу да көйгөй жаратат.

Масы айылынын бул тургундары дуушар болгон кырдаал компетенттүү органдардын кийлигишүүсүн талап кылууда. Жарандыктын жоктугу алардын күнүмдүк жашоосунда олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, негизги укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.

Жарандыктан ажыратуунун терс кесепеттери жабырлануучулардын өздөрүнө гана эмес, алардын үй-бүлөлөрүнө, анын ичинде балдарына дагы билим алууга жана башка социалдык кызматтарга жетүүдө көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилей кетүү маанилүү. Бул жагдай өзгөчө көңүл бурууну жана балдардын укуктарын коргоону талап кылат.

“Адилет” укук коргоо уюмунун юристтери белгилегендей, негизинен мындай көрүнүштөр жарандыкты алуу жана андан ажыратуу, ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо жол-жоболорун өркүндөтүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Мамлекет мындай жагдайлардын пайда болушуна жол бербөө үчүн бардыгын жасоого, өз жарандарына жарандык алуу жана жарандыкты жоготуу процесстерин адилеттүү камсыз кылууга тийиш.

Белгилей кетсек, Россия Федерециясынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2022-жылдын алты айында 10 миң 632 кыргызстандык Орусия жарандыгын алган. Борбор Азия өлкөлөрүнөн алты айда 121 миң 89 киши Орусия паспортуна ээ болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>