Орусия «Спутник Лайт» вакцинасы менен кош бойлуу аялдарды эмдөөгө уруксат берди

30.03.2022 | 17:41

Орусиянын  Саламаттыкты сактоо министрлиги «Спутник Лайт» вакцинасы менен кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөөгө уруксат берди. Бул туурасында Кыргызстандын COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штабынан билдиришти.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 22-мартында «Спутник Лайт» вакцинасы менен кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды эмдөөгө уруксат берди. Бул тууралуу маалымат Россиянын Дары-дармек каражаттарынын мамлекеттик реестринде жайгаштырылган.

Медициналык нускаманын «Каршы көрсөтмөлөр» бөлүгүндө кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгили алынып салынган. Кош бойлууларды 21-жумадан баштап эмдөөгө болот. Эмдөөдөн өтүүнүн алдында ушул вакцинага карата бардык тобокелдиктерди жана артыкчылыктарды баалоо үчүн сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешүү кажет.

«Спутник Лайт» — COVID-19ду алдын алуу үчүн вектордук вакцина. Вакцина 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы адамдар үчүн колдонулат. «Спутник Лайттын» натыйжалуулугу 79,4% (эмдөөдөн 28 күндөн кийин).

Scroll to Top