Өзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүЖогорку Кеңеш Алмаз Бакетаевди Улуттук банктын төрагасы кызматына дайындоого макулдук бердиБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келди
Орусияда кыргызстандык 16 жашар кыз өгөй атасы тарабынан зордукталды
30.05.2022 | 19:23
Санкт-Петербургда 16 жаштагы кыргызстандык кыз өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кыз курулуш техникумунда окуйт. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кеңсеси Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнө окуя боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен нота жөнөттү.
Ошондой эле бизге Санкт-Петербург шаарынын укук коргоо органдарынын, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарынын, ошондой эле Балдардын акыйкатчысынын аппаратынын иши тууралуу маалымат берүүнү суранышты. Компетенттүү органдардан расмий жооп күтүп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар