Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Шекер тартыштыгы: Ишкерлер кампаларга катып турушкан
30.05.2022 | 18:30
Кыргызстандын ири соода тармактары кумшекерди сатууга чыгарбай, кампаларында кармап турушкан. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы текшерүүнүн жыйынтыгында билдирди.
Мекеменин башчысы Кеңешбай Тайлаков аймактык бөлүмдөрдүн адистери менен биргеликте “Глобус”, “Народный”, “Достор” жана “Фрунзе” соода түйүндөрүндө канттын баасына мониторинг жүргүзгөн.
Белгилүү болгондой, айрым соода түйүндөрү кумшекерди лоялдуулук картасы менен бир кишиге күнүнө 79 сомдон, ал эми бир килограммдан ашкан шекерди 85 сомдон сатуу боюнча милдеттенмелерди аткарбай жатат.
Ошентип, кант бардык гипермаркеттерде, атап айтканда, “Глобус” соода тармагында сатылбай жаткан, ага байланыштуу кампалардан текчелерге тез арада жеткирүү тапшырмасы берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика