Арзыбек Кожошев мурдагы ордунда убактылуу иштейт

Арзыбек Кожошев мурдагы ордунда убактылуу иштейт

Арзыбек Кожошев июндун аягына чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кала берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эске салсак, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) акыркы жыйынында Арзыбек Кожошевди Кыргызстандан Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча министри кызматына дайындоо чечими кабыл алынган.

ЖЕЭК жыйыны видеоконференция форматында өткөндүгүнө байланыштуу жыйын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерге жана документтерге ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан белгиленген тартипте кол коюлат.

Регламентке ылайык, кабыл алынган чечимдер менен документтерге Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн бардык лидерлери кол койгон соң Арзыбек Кожошев ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри катары кызматына киришет.

Аталган жол-жоболор бир ай чамасында убакытты алат. Ага чейин Арзыбек Кожошев КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп калат берет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>