Орусияда кыргызстандык жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары облустук Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 1-август күнү саат 21:15те Орск шаарындагы Урал дарыясында болгон. Анда Кыргызстандын 31 жаштагы жаранынын жансыз денеси чыгарылган.
Сөөк көпүрөнүн жанынан, сууга түшүүгө тыюу салынган жерден табылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз