«Эл үмүтү»: 50 миң $ стипендия алчулардын тизмеси жарыяланды

«Эл үмүтү»: 50 миң $ стипендия алчулардын тизмеси жарыяланды

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия 2023-2024-окуу жылына талапкерлерди бекитти. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Экинчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

  • Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
  • Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
  • Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

Биринчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Абдинабиева Сапаргул Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менеджмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
  • Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
  • Ибраимов Чынгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
  • Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Президенттин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын белгилөө жөнүндө” Жарлыгына ылайык, стипендия таланттуу жаштарды чет өлкөлөрдөн билим алууга шыктандырууну колдоого жана жогорулатууга, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жаңы муундагы адистерди даярдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.

Жылдык стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>