Кара-Кулжада өрт чыккан мектеп боюнча министрлик үн катты

Кара-Кулжада өрт чыккан мектеп боюнча министрлик үн катты

Бүгүн, 2-августта саат 12:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектебинен өрт чыкты.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, аталган орто мектеп 1964-жылы ашар жолу менен курулган. 2015-жылдын 15-декабрында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусу чыгып, авариялык абалдагы мектептердин тизмесине киргизилген.

2022-жылдын 17-августунда республикалык бюджеттин эсебинен 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталган.

«Бүгүнкү күндө жаңы мектептин имаратынын биринчи кабаты бүтүп, меш (плита) коюу жумуштары калган. Спорт залдын курулушу толугу менен бүткөн. Орто мектепте 227 окуучу билим алып, эки нөөмөттө окуу жүргүзүлөт. Анда 22 мугалим жана 13 техникалык кызматкер эмгектенет.

Мектепте өрт бүгүн, 2-августта саат 12лер чамасында чыккан. Мектептин кароолчусу, айылдын эли жана чек ара кызматкерлери мектептин ашканасынын жабдууларын жана буюмдарын сыртка алып чыкканга үлгүргөн», — деп айтылат маалыматта.

2013-жылдын 1-апрелинде К.Мамаев атындагы орто мектебинин имаратынын 4 бөлмөсүнө балдар бакчасы ачылган. Балдар бакчасында 3 тайпада 64 бала тарбияланат. Анын ичинен бирөө жатак тайпа, анда 20 бала бар. Жалпысынан 6 тарбиячы жана 7 техникалык кызматкер иштейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>