Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар ал жакта жүрүү мөөнөтүн узарта алышат

Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар ал жакта жүрүү мөөнөтүн узарта алышат

Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандык жарандар 2025-жылдын 10-сентябрына чейин Орусияда өзүнүн укуктук абалын жөнгө сала алышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) тиешелүү жарлык 28-апрелде чыкканын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мурда бул мөөнөт 2025-жылдын 30-апрелине чейин белгиленген. Эми 10-сентябрга чейин узартылды.

ТИМ жарлыкка ылайык, көзөмөлдөгү адамдардын Реестрине киргизилген кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан чыгып кетпей туруп, өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк алышарын эскертти.

Бул үчүн жарандар 10-сентябрга чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу тууралуу арыз менен кайрылып, иш берүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн тапшыруу зарыл.

Ошондой эле жарандар кошумча төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш:

  • Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартылуудан өтүү;
  • Медициналык кароодон өтүү;
  • Орусиянын мыйзамдары менен белгиленген милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздары болбошу керек.

«Убактылуу жашоо мөөнөтүн узартуу боюнча арыз менен кайрылган учурда, Кыргызстандын жаранын административдик жоопкерчиликке тартуу маселеси каралат жана айып пул салуу менен чектелип, административдик чыгаруу чарасы колдонулбайт»,- деп билдирди ТИМ.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>