Баткенде сел жүрүп, Ош-Раззаков унаа жолу жабылдыТаласта дарыяга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө учурунда куткаруучу каза таптыОш шаарында тез жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандык адистер Кытайдын темир жол кадрларын даярдоо системасын үйрөнүүдөКундус Кырбашева: Кыргызстандагы бизнес энергиялык көз карандысыздыкка умтулуудаУлуттук госпиталдын адистери Францияда стажировкадан өтүүдө
АКШ элчилиги кыргызстандыктарга кайсы учурда виза берилбей тургандыгын эскертти
29.04.2025 | 10:54
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги балага жарандыкты алуу үчүн АКШда төрөө максатында бара жаткандарга виза берилбей тургандыгын билдирди.
“Балага АКШ жарандыгын алуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына төрөө максатында саякаттоого визаны колдонууга жол берилбейт. Консулдук кызматкерлерде сизди мындай максатты көздөп жатканыңызды шекшүүгө негиз бар болсо, сизге виза берүүдөн баш тартышат”,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле аталган элчилик АКШга студенттик виза менен барган жарандарга да эскертүү берди.
“Эгер сиз окуу жайыңызга билдирбестен окууну таштасаңыз, сабактарга барбасаңыз же окуу программасынан чыгып кетсеңиз, студенттик визаңыз жокко чыгарылып, келечекте АКШ визаcын алуу мүмкүнчүлүгүн жоготуп алышыңыз мүмкүн. Ар дайым визаңыздын талаптарын аткарыңыз жана кандайдыр бир көйгөйлөргө чалдыкпаш үчүн студенттик статусуңузду сактаңыз”,- деп билдирди элчилик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом