БУУ Батыш жээктеги кырдаалдын кескин курчуп жатканын эскертти«Аэро Номад Эйрлайнс» Бишкектен Ташкентке каттамдарды ачатСүхэ-Батор көчөсүндө бак-дарактар эмнеге куурап жатат: тургундар жана «Бишкекжашылкурулуш» эмне дейт?Садыр Жапаров Казакстанга «Келечек оюндары – 2026» мелдешинин ачылышына катышуу үчүн келдиКыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайлары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну пландоодоКартошка, дары-дармек жана 2 млрд доллар: Кыргызстан менен Өзбекстан эмнеге макулдашты
ТИМ: Орусияда эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылды
29.04.2025 | 09:52
25-апрелде Орусиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында жол кырсыгы болуп, 21 жаштардагы М.А. жана И.К. аттуу кыргызстандык жарандар жабыркаган. Бул тууралуу ТИМ 28-апрелде билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аларды 65 жаштагы айдоочу «Тойота Саксид» үлгүсүндөгү унаасы менен жөө өтмөктө сүзүп кеткен.
ТИМ Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Владивосток шаарындагы бөлүмү жана Кыргызстандын Хабаровск шаарындагы консулу укук коргоо органдары менен байланышта болуп, бул окуянын бардык жагдайларын тактап жатышканын билдирди.
Ошондой эле Орусия тарапка окуя боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар