Орусиядан эки каттам менен 664 кыргызстандык кайтып келди

Орусиядан эки каттам менен 664 кыргызстандык кайтып келди

7-июнда Кыргызстанга«Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 204 кыргызстандык учуп келди. Алардын ичинде жашы жете элек балдар бар экенин республикалык штабдан кабарлашты.

Орусиядан кайткандардын тизмесин атайын комиссия түзгөн. Тизмеге ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдеттери барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер кирген.

Ошондой эле, кайтып келгендердин арасында Алтай аймагында, Новосибирск, Омск, Кемерово жана Томск облустарындагы чет элдик административдик укук бузуучулар үчүн убактылуу кармоочу жайларында жаткан 16 жаран бар.

Мындан тышкары кечээ дагы Кыргызстанга Москва – Бишкек аба каттамы боюнча «Аэрофлот – Российские авиалинии» авиакомпаниясынын борту менен  460 жаран кайтып келди, алардын ичинде 2 жашка чейинки 68 бала бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>