Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Орусиядан келе жаткан 21 тонна тоок эти артка кайтарылды
06.03.2025 | 12:46
Орусиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 21 миң кг тоок эти артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Талас облусундагы “Чоң-Капка” чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору Орусиядан ташылып келе жаткан тоок эттерин текшерген. Анда ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары бузулгандыгы аныкталган.
Жыйынтыгында жүк Орусияга кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар