Орусиялык учакты атып алган Азербайжан Кремлден кечирим сурады

Орусиялык учакты атып алган Азербайжан Кремлден кечирим сурады

Азербайжан Орусиянын Ми-24 аскердик тик учагын атып алганын мойнуна алып, Кремлден кечирим сурады. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, тик учак түнкүсүн Армения менен Азербайжандын чек арасына жакын жерде учуп баратканда атып түшүрүлгөн. Анын кесепетинен эки аскер кызматкери мерт кетип, бирөө жарадар болгон.

Азейрбайжандын ТИМи тараткан билдирүүдө, алар учактын атып түшүрүлүшү катачылык болгонун, бул үчүн Кремлге кенемте төлөп берүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Азырынча Орусия бул окуя боюнча үн ката элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>