Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
Орусиянын тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууланды
18.12.2025 | 17:30
Москвада Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орун басары Сергей Вершинин Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Орусиянын ТИМи билдирди.

Жолугушууга Кыргызстан ТИМинин эл аралык уюмдар департаментинин директору Мелис Мамадалиев, ошондой эле КР ТИМинин 4-саясий департаментинин директору Айбек Токтоболотов катышты.
Сапардын алкагында БУУнун аянтчасында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүнө арналган эки тараптуу консультациялар өттү. Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири катары Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы талкууланды.
Рубрики: Саясат