Ош базарынын соодагерлери дагы митингге чыгышты

Ош базарынын соодагерлери дагы митингге чыгышты

Ош базарынын кир-жуучу каражаттарды саткан бөлүгү жабылып, соодагерлер митингге чыгышты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ишкерлер билдиришти.

Алар дагы 1-июлдан баштала турган салыктык өзгөрүүлөр каршы чыгышууда. Соодагерлер электрондук счет фактура жана электрондук товардык-транспорттук коштомону колдонуудан баш тартышып жатат.

2 күндөн бери «Дордой Дыйкан» базарында дагы каршылык акциясын өтүп жатат.

1-июлдан тарта өлкөдө патенттин негизинде соода-сатык менен алектенүүгө тыюу салынат. Ага байланыштуу ишкерлер жалпы салык режимине же бирдиктүү салыктын негизинде салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтө алат.

Бирдиктүү салыктын негизинде салыктын жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууда салыктын чендери жылдык кирешенин көлөмү 15 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 0,5% жана 50 млн сомго чейин – 1%ды түзөт.

Эгерде кирешелер акыркы 12 айда 100 млн сомдон ашпаса базарларда жана кичи базарларда иштеген ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын чени 0,1%ды түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер ККМди пайдаланууга, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөгө жана башка милдеттенмелерди аткарышы керек.

«Дордой Дыйкан» бүгүн дагы митингге чогулду. Салык кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: митинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>