Ош облусунун аймагында бүгүн, 4-февралда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 10:04тө болгон.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Сары-Таш, Арча-Булак жана Чоң-Алай районунун Кара-Киндик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз