«Манас» университетинин жетекчилигин дайындоо маселеси көтөрүлдү

«Манас» университетинин жетекчилигин дайындоо маселеси көтөрүлдү

Анкара шаарындагы президенттик сарайда, 2-февралда, Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу, анын ичинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы маселелер талкууланып, аймактык коопсуздуктун жана туруктуулуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болгон.

«Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилигин макулдашуу жана дайындоо маселеси көтөрүлүп, Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара сапарларын, өлкөдө жашап туруу шарттарын жеңилдетүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттыруу талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда тарых, тил, маданият жана салттардын жалпылыгы кыргыз-түрк мамилелеринин бекем пайдубалы экени белгиленген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>