Ош облусунун башчысына жаңы орун басар дайындалды – өмүр баяны
Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 10-август күнү Эрнис Толтоев өкүлчүлүктүн эмгек жамаатына тааныштырылган.
Эрнис Толтоевдин өмүр баяны:
1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы
Билими: жогорку, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
– 2009-жыл – Ош шаардык мэриясы жетектөөчү адис;
– 2010-2011-жылдар – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, жетектөөчү адис, маалымат катчы;
– 2011-2012-жылдар – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, башкы адис;
– 2012-2013-жылдар – өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
– 2013-2016-жылдар – Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;
– 2016-жыл – Ош шаардык кеңешинин депутаты;
– 2016-2017-жылдар – премьер-министрдин жардамчысы;
– 2017-жылдар – өкмөттүн аппараты, премьер-министрдин катчылыгынын аналитикалык камсыздоо тобу, эксперт;
– 2017-2020-жылдар – президенттин аппараты, президенттин жардамчысы;
– 2022-жыл 10-августунан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.
Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
[image_carousel source=”media: 148539,148538,148536,148535″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда