Ош облусунун башчысына жаңы орун басар дайындалды – өмүр баяны

Ош облусунун башчысына жаңы орун басар дайындалды – өмүр баяны

Эрнис Толтоев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 10-август күнү Эрнис Толтоев өкүлчүлүктүн эмгек жамаатына тааныштырылган.

Эрнис Толтоевдин өмүр баяны:

1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын атасы

Билими: жогорку, 2009-жылы Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

— 2009-жыл – Ош шаардык мэриясы жетектөөчү адис;

— 2010-2011-жылдар – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, жетектөөчү адис, маалымат катчы;

— 2011-2012-жылдар – Ош облустук мамлекеттик администрациясы, башкы адис;

— 2012-2013-жылдар – өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;

— 2013-2016-жылдар – Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2016-жыл – Ош шаардык кеңешинин депутаты;

— 2016-2017-жылдар – премьер-министрдин жардамчысы;

— 2017-жылдар – өкмөттүн аппараты, премьер-министрдин катчылыгынын аналитикалык камсыздоо тобу, эксперт;

— 2017-2020-жылдар – президенттин аппараты, президенттин жардамчысы;

— 2022-жыл 10-августунан президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары.

Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>