Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Ош: Сарайдагы чөп өрттөндү
21.09.2021 | 11:02
Бүгүн таңга маал бештен өтүп калган кезде Ош облусунун Кара-Суу районунун Социализм айылында үйлөрдүн биринен сарайдан өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Маалыматка караганда, өрттүн көлөмү чоң болгондуктан өчүрүүгө министрликтин үч өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, 06:25 өрт чектөөгө алып, саат 09:19 толук өчүрүлдү.
125 чарчы метр жер, эки кабатту сарайдын чатыры жана 400 түк чөп күйдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби такталууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом