Ошто агасы инисин бычактап өлтүрдү — сүрөт

Ошто агасы инисин бычактап өлтүрдү — сүрөт

Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда бир туугандар ортосунда чыр чыгып, натыйжада бир тууган агасы өз инисин бычактап койгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милицияга окуя тууралуу кабар бүгүн, 21-сентябрь күнү эрте мененки саат 07.00 чамасында келип түшкөн. 

Алгачкы тергөөнүн маалыматына ылайык, Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн бир үйдө чогуу жашаган жашоочуларынын ортосунда чыр чыгып, натыйжада 1990-жылы туулган  М.Ө өзүнүн бир тууган инисинин санына бычак сайып салган.  Жабырлануучу, анын иниси 1993-жылы туулган М.Д. көп кан жоготкондугуна байланыштуу окуя болгон жерде каза болгон.  Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Шектүү, 1990-жылы туулган М.Ө. берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын ичип келип, үйдө чыр чыгара бергендиктен, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып,  ушул ишке баргандыгын айтты. Учурда ал кармалып, тергөө кызматына алынып келинди. 

Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабына ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>