Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду.
Ош шаарында жылуулук берүү 24-мартка караган түнү токтотулду.
Ошол эле учупда шаарды жылуулук менен камсыз кылган мекемелерге келерки кышка кам көрүү тапшырмасы берилген.
Эскерте кетсек,Бишкекте да жылуулук өчүрүлүүдө. Борбор калаада жылуулук берүү 25-марттан тарта токтотулат.