Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Акматалиев баштаган балбандар Олимпиаданын лицензиясы үчүн күрөшөт
25.03.2024 | 13:45
Бишкекте өтө турган Азиялык лицензиялык мелдешке эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандардан кимдер катышары белгилүү болду. Бул турнирде спортчулар Олимпиада оюндарынын лицензиясы үчүн күч сынашат.
Дене тарбия жана спорт департаменти Reporter.kg’ге билдиргендей, 19-21-апрелде өтө турган лицензиялык турнирге өлкө атынан 6 балбан катышат.
Мелдешке катыша турган балбандардын тизмеси:
- Бекзат Алмаз уулу – 57 кг
- Эрназар Акматалиев – 65 кг
- Орозобек Токтомамбетов – 74 кг
- Нуртилек Карыпбаев – 86 кг
- Андрей Аронов – 97 кг
- Айаал Лазарев – 125 кг
Эскерте кетсек, эркин күрөштө 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг салмактар олимпиадалык болуп саналат. Азырынча эркин күрөштөн кыргызстандык балбандар Олимпиадага жолдомо ала элек.
Олимпиаданын лицензиясы үчүн кайсы грек-рим балбандары күрөшөрү айтылды