Ош шаарынын 2022-жылга карата бюджети бекитилди
Бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өттү. Анда Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 млн. 810 миң сомго көп болду. Анын ичинен:
– салыктык кирешелер 1 365 600,0 миң сомду (85,3% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;
– салыктык эмес кирешелер 154 910,0 миң сомду (9,7% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө;
– бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 000,0 миң сомду (5,0% жалпы бюджеттин көлөмүнөн) түзүүдө.
“Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:
- киреше салыгы – 100%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 50%;
- мүлк салыгы – 100%;
- жер салыктары – 100%;
- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык
- 100%; -ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык
- 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.