Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыЖогорку Кеңеш геодезия жана мейкиндиктик маалыматтар жөнүндө мыйзамды үчүнчү окууда кабыл алдыКыргызстанда 773 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландалууда
Ошто 17 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь алынды
20.06.2022 | 16:43
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты.
Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен “Балыкчы алко трейд” ЖЧКсы өндүргөн 17 миң 213 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.
Ишкерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом