Ошто ишкерлерге кол салуу үчүн катылган ок атуучу куралдар табылды

Ошто ишкерлерге кол салуу үчүн катылган ок атуучу куралдар табылды

УКМК тарабынан ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндө контр-чалгындоо иш-чараларын жүрүшүндө, ок-дарылар жана жардыргыч заттар бекитилген боюнча ыкчам маалымат алынып, үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына белгисиз адамдар тарабынан, жеке ишкердик менен алектенген адамдарга каракчылык жана куралдуу кол салуу үчүн арналган ок атуучу куралдар салынган баштыкты бекитип кетишкендиги аныкталган.

УКМКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2022-жылдын 13-июнунда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана сактоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

Аталган аймакты текшерүүнүн жыйынтыгында баштыктын ичинен төмөндөгүлөр табылган:

— 1 даана (кесилген) жылмакай мылтык;

— 1 даана идентификациялык номерлери өчүрүлгөн револьвер;

— 13 даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар.

Учурда тергөөнүн толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>