Ошто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышатReporter.kg жана «Кыргызстан аэропорттору» расмий кызматташтыкты баштадыОоганстан Пакистандын Аскердик-аба күчтөрү Кандагардагы күйүүчү май резервуарларына сокку урганын билдирдиШаирбек Ташиев ИИМде сурак берүүдөУкук коргоочу Бүбүсара Рыскуловага БУУнун «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» сыйлыгы тапшырылды
Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду
31.07.2023 | 17:08
Ош шаардык төрөтканасында 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты Ош шаардык милициясы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылынын тургуну ушул жылдын 23-июль күнү көз жарган.
“Келин 29-июль күнү таңга маал эс учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Келиндин абалы оорлошуп кан басымы төмөндөп ошол жерден каза болгон. Бул окуя боюнча келиндин ата-энеси жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан”, – деп жазылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом