248 адам каржы пирамидаларына 2,1 млн доллар акчасын алдаткан

248 адам каржы пирамидаларына 2,1 млн доллар акчасын алдаткан

Быйыл жарым жылда каржы пирамидалары боюнча тергелген кылмыш иштер боюнча жарандар 2,1 млн доллардан ашык ачасын алдырган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жарандарды каржы пирамидалардын курмандыгы болуп калбоо үчүн жеңил жана тез киреше алып келүүчү ар кандай шектүү операцияларга катышпоого чакырат.

«Адамдарды социалдык тармактар аркылуу жарнамаланган көп күч-аракет жумшабастан, жогору пайда таба турган каржы пирамидалары жөнүндө жарыялар кызыктырат. Анын ичинде салымчылар барган сайын көбүрөөк катышуучуларды, атүгүл алардын туугандарын жана досторун тартат», — деп билдирет министрлик.

Алдамчылык долбоорлордун негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

  • жогорку кирешени убадалаган жарнама;
  • тармактык маркетинг принциптеринде бизнести уюштуруу менен катышуучунун кирешеси жаңы катышуучулардын салымынын эсебинен түзүлсө;
  • акча каражаттарын тартуу боюнча ишмердикти ишке ашыруу үчүн лицензиянын жоктугу.

«Пирамиданы уюштургандар өздөрүнүн алдамчылык схемаларын ар кандай жолдор менен жаап-жашырышат жана мындай шектүү уюмдардын максаты –  жогору пайда көрүү убадаларына ишенген жарандардын акчасын тартуу болуп саналат. Алар ар кандай артыкчылыктарды, ар бир жаңы мүчө үчүн бонустарды сунушташат, укмуштуудай пайыздарды убада кылышат.

Каржы пирамиданын схемалары мурда эле пайда болгон, бирок алардын уюштуруучулары дагы эле акча алуунун жаңы ыкмаларына өтүп, ишенчээк кардарларды торуна илишүүдө», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, быйыл 6 айда каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши тергелген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 100 материал сотко жөнөтүлүп, калгандары боюнча иликтөө иштери уланууда. Жабыркагандардын саны 248 адамды түзөт.

«Бишкек, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында өз ишин жүргүзгөн каржы пирамидалар боюнча кылмыш иштери тергелүүдө. Бул жерге турак жай кооперативи жөнүндө фактылар боюнча маалыматтар кошулган жок. Ошол эле учурда каржы пирамидаларынын иши бөгөттөлгөнүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз. Милицияга кайрылган жарандардын баары өткөн жылдардагы каржы пирамидасынын курмандыктары болушат», — деп белгилешти министрликтен.

Каржы пирамидалары боюнча тергелген иштер:

— «Финико» каржы пирамидасынын иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергелип жаткан кылмыш иштеринин жалпы саны 141ди тузөт. Келтирилген материалдык чыгым 8 млн 45 миң сом, ошондой эле 1 млн 687 миң доллар жана 711 миң сом.

— World Business Consulting каржы пирамидасы боюнча 12 кылмыш иши тергелген, жарандарга 301 миң доллардан ашык зыян келтирилген.

— «Ихсан ЛТД Групп» боюнча 1 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 870 миң сом.

— NWORK  боюнча 1 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгым 870 миң сомду түзүп, келтирилген зыяндын орду толтурулган.

— «Докодемо» боюнча 25 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 1 млн 379 миң сом.

— «ОК платформа» боюнча 67 кылмыш иши тергелип, материалдар андан ары кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгым 23 миң долларды түзөт.

Аталган иштер боюнча жарандарга келтирилген зыян 2 млн 147 миң доллардан ашат.

Белгилей кетсек, ИИМдин маалыматы боюнча, 2022-жылы каржы пирамидалары боюнча 1 миң 52 кылмыш иши тергелген, алардын ичинен 170 кылмыш иши 2021-жылы ачылган иштер болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 765 кылмыш иши соттук кароого жиберилген. Аталган иштер боюнча жабырлануучулардын саны 1 миңден ашат. Алар каржы пирамидаларына 4,8 млн доллар акчасын алдатып жиберген.

ИИМ элди алдаган каржы пирамидаларды атады (тизме)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>