Теңгиз Бөлтүрүктүн уулунун иши сотто карала баштайт

Теңгиз Бөлтүрүктүн уулунун иши сотто карала баштайт

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз Теңгиз уулунун иши Аламүдүн райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи соттук отурум 14-августка коюлган.

Эскерте кетсек, 10-июнда 35 жаштагы Алмаз Теңгиз уулу «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кармалган. Ал Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу экенин Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А.Т. (Алмаз Теңгиз уулу — ред.) аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алмаз Теңгиз уулу кармалгандан кийин анын бөгөт чарасы Аламүдүн райондук сотунда каралып, ал 2 айга үй камагына чыгарылган. 30-июнда анын иши райондук сотко өткөрүлүп берилген.

Соттук териштирүү жүргөн учурда ал үй камагында болот.

Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу үй камагына чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>