Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен бирге Авазадагы улуттук тамак-аш фестивалына бардыКыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдарКүзгү жамгырлар жана бийик тоолуу аймактарда кар жаайт: 9-октябрга карата аба ырайыБишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууланды
Ошто 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду
31.07.2023 | 17:08
Ош шаардык төрөтканасында 23 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты Ош шаардык милициясы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 2000-жылы туулган Ош облусуна караштуу Алай районунун Будалык айылынын тургуну ушул жылдын 23-июль күнү көз жарган.
“Келин 29-июль күнү таңга маал эс учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Келиндин абалы оорлошуп кан басымы төмөндөп ошол жерден каза болгон. Бул окуя боюнча келиндин ата-энеси жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз доосу жок экенин айтып, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан”, – деп жазылат маалыматта.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом