БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Ошто 30 жаштагы жарандын өлүмүнө шектүү изи сууй электе кармалды
22.07.2022 | 16:15
Ош шаарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин МККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 30 жаштагы тургуну Д.И. миздүү нерседен жараат алып, каза болгон. Аны өлтүрүүгө шектелип 28 жаштагы жаран Ж.Э кармалды.
1992-жылы туулган Д.И миздүү нерседен улам жараат алып, каза болуп калганы боюнча «102» кызматына дарыгерлер кабарлашкан.
Кылмыштын изи сууй электе кайгуул кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган тургуну Ж.Э. кармалып, тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал