Бостеридеги барда кылмыштуу топтун мүчөлөрү мушташ уюштурушту

Бостеридеги барда кылмыштуу топтун мүчөлөрү мушташ уюштурушту

Ысык-Көл облусунда ээнбаштык кылгандыгы үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 21-июль күнү Ысык-Көл РИИБге Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал өзүнүн курбусу менен Бостери айылында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде барды иштетерин билдирген.

Болжол менен эртең мененки саат 05:30 чамаларында алардын барына үч жаран келип, оозга алгыс сөздөр менен сөгүп, кол көтөрүп, бычак менен коркутушуп, андан кийин ар кандай ичимдиктерди ичишип, бардын буюмдарын жана идиш-аяктарын сындырып кетишкендиги үчүн чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Окуя болгон жерге милициянын тергөө-ыкчам жана мобилдик тобу кечиктирилгис жиберилген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, шектүү жарандардын өздүктөрүн аныкташып, аларды колго түшүрүштү.

Кылмышка шектүүлөр болуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөлөрү катары турушкан, Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы А.Т., 27 жаштагы Ж.Р. жана 21 жаштагы А.К. болуп чыгышты.

Соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, кылмышка шектүүлөр Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ээнбаштык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>