Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
УКМК коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адамды кармады
26.03.2020 | 12:11
“Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды” деп жалган маалымат тараткан адам кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлагандай, шектүү Кызыл-Кыяда туулган Мырзакулов Эркинбек Токтосунович аттуу Ош шаарынын тургуну болгон.
Медициналык кызматкерлер ал айткан турак үйдө жашагандарга текшерүү өткөрүшүп, коронавирус жуктургандар аныкталган эмес.
Мырзакулов менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сураган.
УКМК жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертет.
Буга чейин бир нече адам жалган маалымат таратканы үчүн УКМК тарабынан кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар