Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Ошто алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
11.03.2024 | 16:40
Ош облусунун Кара-Суу районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 4-мартта милицияга Чоң-Алай районунун 25 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Сайит аттуу жаран 4 млн 490 миң сомдук Volvo FH жүк ташуучу унаасын жана Gen Trail TX34 чиркегичин алдоо жолу менен алып кеткенин билдирген.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 29 жаштагы Б.С. уулу аттуу жаран кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал жүк ташуучу унааны сатууга аракет кылып жатканда колго түшүрүлгөн.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.