Ереванда кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрө турган бир катар документтерге кол коюлду18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылды
Кыргыз-казак чек арасында 260 автоунаа кезекте турат
11.03.2024 | 16:20
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда 260 автоунаа кезекте турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршекеев билдирди.
Анын айтымында, Казакстан чек араны кесип өтүүгө эч кандай чектөө киргизген эмес.
“Бир суткада 280 автоунаа чек арадан өттү. Саатына 11-12 транспорт кирип жатат. Машиналардын агымы өтө көп болгондуктан тыгын пайда болууда”, – деди ал.
Уларбек Шаршеевдин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанга кирген адамдардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 32 пайызга, транспорттун саны 18 пайызга өстү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом