Ошто экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

15.11.2022 | 16:52

Социалдык тармак аркылуу диний-экстремисттик уюмга таандык аудио-видео тасмаларды тараткан Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21 жаштагы Б.М. аттуу жаран 14-ноябрь кармалган.

“Ал жаран “Инстаграм” социалдык тармагындагы жеке баракчасы аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмуна таандык аудио-видео тасмаларды, символикаларды жана атрибутикаларды жайылтып, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын идеологияларын колдоп жүргөндүгү аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата чара көрүү үчүн кылмыш иши соттук кароого жиберилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top