Бишкекте мушташкан чет элдиктер эки айга камалды

Бишкекте мушташкан чет элдиктер эки айга камалды

Бишкектин «Жеңиш» аянтында мушташка катышкан төрт элдик жаран №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандарды эки айга камакка алуу тууралуу чечимди Свердлов райондук соту чыгарган.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Жеңиш» аянтында чет элдиктердин мушташып жаткан видеосу тарагаган. Окуядан кийин милиция шектүү катары төрт адамды кармаган.

Маалым болгондой, 11-ноябрда райондук милицияга Пакистандын С.М. аттуу жараны кайрылып, 10-ноябрда болжол менен саат 18:00до «Жеңиш» аянтында Ш.А., Х.И. жана башка белгисиз адамдар ур-тепкиге алганын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы Б.Х., 18 жаштагы Ч.С., 19 жаштагы З.М. жана 21 жаштагы А.Ш. аттуу жарандар кармалган.

«Андан тышкары, окуяга катышкан башка адамдар аныкталып, милиция бөлүмүнө алынып келген. Кылмыш иштин алкагында алардын иш-аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет. Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Бишкектеги окуу жайдын биринин бир нече студенти окуу жайдан чыгарылганын белгилеп кетүү керек», — деп билдиришкен милициядан

«Жеңиш» аянтында мушташкан чет элдиктер кармалды — видео

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>