Чек ара: Өзбекстандан Кыргызстанга өтчү жерлердин тизмеси

Чек ара: Өзбекстандан Кыргызстанга өтчү жерлердин тизмеси

Бүгүн, 15-ноябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кароодо.

Жыйында Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору Абдулат Мырзаев келишим боюнча Кыргызстанга өтүп жаткан жерлер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстан Өзбекстандан Гавасай тилкесинен 12 миң 849 гектар, Көк-Серектен – 105, Баястан тилкесинен – 212, Үңкүр-Тоодон – 31, Ак-Таш тилкесинин – 100, Кара-Белестен – 25, Өзгөн жана Сузак райондору үчүн 1 миң гектар, Кемпир-Абад суу сактагычынын көлөмүн 908 горизонталдан 900гө чейин түшүрүүдөн 1 миң 246 гектар, жалпысынан 15 миң 572 гектар жер алууга жетишти.

«Белгилеп кете турган нерсе, биз айтып жаткан 12 миң 849 гектар жер (Гавасай тилкеси – ред.) Кыргызстандын картасында көрсөтүлгөн эмес, ал картада Өзбекстандын жери катары көрсөтүлүп турат. Андан тышкары биз компенсацтя катары алган 4 мин 121 гектар жер картографиялык материалдарда Өзбекстандын жери катары көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда 1961-жылы такталган линияга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстандын жери катары көрсөтүлүп турат», — деди ал.

Кемпир-Абад: Өзбекстандын парламенти Кыргызстан менен болгон келишимди ратификациялады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>