Бакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна бардыЫсык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти
Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды
02.02.2021 | 13:12
Финансы полициясы пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерин кармады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, жарандан документтерин (паспорт) кайтарып берүү үчүн акча талап кылган. Ал акча алып жаткан жеринен Финансы полициясынын жана Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү кармашкан.
Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар