logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды

Ошто милиция кызматкери пара менен кармалды

Финансы полициясы пара алып жаткан жеринен Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерин кармады.   Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери кызмат абалынан пайдаланып, жарандан документтерин (паспорт) кайтарып берүү үчүн акча талап кылган. Ал акча алып жаткан жеринен Финансы полициясынын жана  Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү кармашкан.

Кармалган кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>