Reporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыкты
Ошто мыйзамсыз ташылып бара жаткан 7 млн сомдун товары кармалды
13.04.2022 | 13:10
Бажы кызматкерлери 7,3 млн сомдук акциз маркалары жок тамекини ташыган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери Ж.К.А., аттуу кыргызстандыктын башкаруусундагы Mercedes-Benz 211 үлгүсүндөгү унааны Ош шаарынан чыгып бара жаткан жеринен токтотушкан.
“Транспорттук каражатты текшерүүдө акциз маркалары жок 1 млн 740 миң даана (14 миң 500 куту, 29 таңгак) болгон Milano London жана Milano New York соода маркасынын филтри менен тамекилер табылган. Кармалган жүктүн орточо базар баасы 7 млн 395 миң сомду түздү”,- деп айтылат маалыматта.
Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар