Куланак ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

Куланак ГЭСин куруу долбоору ишке ашырыла баштады

Кубаттуулугу 100 МВт  «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашырууга укук берилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин берген маалыматына караганда, Куланак ГЭСин куруу укугу «Нарын» өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомуна берилди. ГЭС Нарын облусунун Нарын районундагы Нарын дарыясына салынат.

Долбоорду ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган. Долбоордук-сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун  бийиктиги 27 м түзөт.

Куланак ГЭСин куруу долбоору «Ленгидропроект» АК тарабынан иштелип чыккан — гидроэнергетика жана суу чарба курулуштарын долбоорлоо жана өзгөчө татаал геологиялык аймактарда жана климаттык шарттарда гидротехникалык курулуштарды долбоорлоо жана курууну көзөмөлдөө боюнча кызматтардын толук комплексин көрсөтүү чөйрөсүндөгү эң эски орус долбоорлоо — изилдөө институту.

Белгилесек, Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6, 2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>