Ошто “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында жаңы көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди

Ош шаарында “Үлүштүк курулуш” долбоорунун алкагында курулган жаңы көп кабаттуу турак үйдүн ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, жаңы батирлердин ээлерине символдук ачкычтарды тапшырышты.
Жеңишбек Токторбаев өз сөзүндө батир ээлерин куттуктап, шаардыктарды турак жай менен камсыздоо боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.
Тогуз кабаттуу, 96 батирлүү бул турак үй ички жасалгасы жана бардык коммуникациялары менен толук курулуп бүткөн. Турак үйдүн биринчи кабатында соода түйүндөрү, ал эми жер төлөсүндө унаа токтотуучу жай орун алган. Короосуна балдар аянтчасы курулуп, айлана-тегереги көрктөндүрүлгөн.
Турак үй Ашимахунов көчөсү, 48А дарегинде жайгашкан жана долбоор Ош шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан ишке ашырылган.