Бишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло утту
Ашууларда кар: оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
04.11.2025 | 09:46

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-ноябрда саат 09:00гө карата Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу (саат 07:00дөн тарта) жана Ала-Бел (саат 05:10дон тарта) ашууларында, ошондой эле Суусамыр–Талас–Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда (саат 07:00дөн тарта) оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом